“АВТО ФЕСТИВАЛИ 2018” ИШ-ЧАРАСЫНДА КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ 2018-ЖЫЛ

Бишкекте толук масштабдуу AUTOFEST2018 KG экинчи фестиваль болуп ѳттү. Автомототехниканы сүйүүчүлѳр Royal Motors  авто базарынын аймагына чогулду. Иш-чарага Кыргызстандын, Казахстандын жана Россиянын ѳкүлдѳрү катышты. Меймандардын жана катышуучулардын кѳңүлүнѳ мыкты делген автомобилдик долбоорлор коюлду. Автомобилдердин ээлери  ѳзүлѳрүнүн темир атын мыкты түрдѳ алып чыгуу үчүн бир топ каражаттарын, күчүн жана убактыларын коротушкан эле. Биздин Күзѳт агенттиктерден турган компаниялар тобубубуз бул иш чарада аларды коргоону жана коопсуздугун тийиштүү деңгээлде камсыз кылды. Фестиваль эл аралык мүнѳздѳ ѳткѳндүктѳн, ага жүздѳн ашык мейман катышты.

Биздин кызматкерлер аймактагы туруктуулукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча бир нече иш чараларды ѳткѳрдү.

Биздин күзѳт агенттигибиз ачык да, жабык да типтеги кандай болбосун татаалдыктагы иш-чараларды коргоону уюштурат. Биздин кызматчылар түрдүү планда мүнѳздѳгү масштабдуу иш чараларды коргоо тажрыйбасына, аскерий даярдыктын жогорку деңгээлине, ошондой эле атайын экипировкага жана куралдарга  ээ. Иш чараңыздарды биздин агенттикке ишенип берүү менен Силер ѳзүңүздѳрдү да ишенип тапшырган болосуздар!



Fikr bildirish