«Басынтылган агрессия менен адам». Пермь шаарында жоош студент ЖОЖго кол салуу жасады.

Сентябрдын акырында Пермь мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти Тимур Бекмансуров, 12-калибрдеги бытыра мылтык менен куралданып, өз университетинде элди аткылап баштаган. Алты-сегиз адамга чейин каза тапса, ондон ашыгы жаракаттарды алды. Белгилүү болгондой, ал массалык адам өлтүрүү идеясын көп жылдар бою ойлонуштуруп жүргөн. Кылмышкердин жанында жүздөн ашык ок бар болчу, андыктан эгер окуу жайынын жанында бул маалда жол кырсыгын каттап жаткан Жол-кайгуул кызматкерлери болбогондо, адам курмандыктары мындан да көп болмок. Аткылоону уккан офицерлер кошумча күчтөрдү күтпөстөн, кылмышкерди жарадар кылуу менен аны колго түшүрө алышкан.

Эӊ биринчилерден болуп корпуска кире бериште күзөтчү аткыланган. Белгилей кетүүчү нерсе, окуу жайынын 8 корпусуна болгону күзөттүн 2 кызматкери туура келген. Тилекке каршы, бул каргаша жана дегеле дүйнө боюнча көбөйүп жаткан окуу жайларына кол салуу учурлары коргоо жана коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгынан кабар берүүдө. Бул күзөт-айгай сигнализациясынын эффективдүү системасын орнотуу, күзөт агенттиктердин жогорку профессионалдуу жана экипировкаланган кызматкерлеринен турган физикалык күзөт менен камсыздоо. Мындай кырдаалда ар бир секунда маанилүү жана мүмкүн сигнализация баскычын басуу менен ыкчам таасир этүү тобунун кызматкерлери оперативдүү келгенде, кылмашкер тез арада куралсыздандырылып, адам өмүрлөрү сакталып калмак.