Күзѳт агенттиктер компанияларынын тобу белгилүү “Флинт” соода маркасынан лотерея ѳткѳрүүнү кайтарууну камсыз кылды

Иш чарага  биздин жүздѳй жараныбыз катышты, ал эми башкы байге катары IPHONE, Sony Playstation 4, Action Camera телефондору, гироскутер жана электросамокат ойнотулду. Майрам ѳтѳ шаңдуу уюшулуп, бул майрамдык иш-чарага жаштар гана эмес, балдар ата-энелери, чоң ата-чоң апалары менен да келишти.

Иш чараларды күзѳттүк коштоо биздин ишибиздин алгылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул иш чарага кѳптѳгѳн адамдар катышкандыгына байланыштуу, күзѳтүлгѳн аймакта бир нече иш чара алдын ала ѳткѳрүлѳт:

– иш чара башталардын алдында күзѳтүлүүчү объекти изилденип кѳрѳт, иликтенип, аймак тазаланат;

–  иш чара ѳткѳрүүнү контролдоо режими камсыздалат;

– чагымчылдык жана кагылышуучу жагдайлардын алдын алынат;

– тыюу салынган буюмдарды, баңги заттарды, алкоголдорду табат.

– имараттын ичинде жана ага чектеш аймактарда тартипти кармоо жана контролдоо жүргүзүлѳт.

Эгер Сизге ѳзгѳчѳ меймандарды тосуу зарыл болсо, анда биз иш чаранын бүткүл циклин: жолугушууларды, коргоого алууну, иш-чарага чейин жана андан кийин коштоону, иш чаранын ѳзүнѳ күзѳттү толук камсыз кылууну  коопсуздук менен камсыздап беребиз.

Иш чараны кайтарууну уюштуруу бир топ күчтү, кызматчылардын ѳзүлѳрүнүн макулдашылган аракеттерин талап кылат. Кызматкерлердин кѳп жылдык тажрыйбаларынан жана бийик кесипкѳйлүгүнѳн улам  бүткүл Кыргызстандын ири ишканалары, уюмдары жана мекемелери ѳзүлѳрүнүн объектилерин кайтарууну бизге ишенип тапшырышат.

Меймандардын коопсуздугу – иш-чаранын ийгилигинин ачкычы.



Fikr bildirish