Кытайда мектеп формасын чиптеп башташты

Кытайда ата-энелерге балдарына байкоо салууга мүмкүндүк берүүчү мектеп формаларына микрочиптер киргизилип, тигиле баштады. Бул тажрыйба иретиндеги жаӊычылдык Чжухай шаарындагы башталгыч мектептеринин биринде киргизилүүдө. Чиптелген кийим баланын бардык кыймыл-аракети тууралуу маалыматты ата-энелерге жөнөтүп турат. Эгер окуучу кооптуу кырдаалга кабылса, система ата-энелерге же мугалимдерге тиешелүү сигнал жөнөтөт. Көпчүлүк кытайлык мектептерде, ошондой эле, адам жүзүн таануучу система менен камералар орнотулган.

Балдар – калктын эӊ аялуу тобу жана аларды коркунучтардан сактоо үчүн “Вымпел” коопсуздук компаниялар тобу баланы “Voyager 3N” GPS –трекер менен камсыздоону сунуштайт. Ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

·         Баланын жүргөн жерин күнү-түнү так, даана аныктоого.

·         Кыймыл багытын каттоого.

·         Маалыматты мониторинг программасына жиберип турууга.

·         Жазууларды сактоого: 75 508 жазууга эсептелген энергиядан көз карандысыз “кара куту” эс тутуму.

·         Ичине камтылган  айгай баскычы аркылуу ыкчам таасир этүү тобун 5 мүнөт ичинде чакырууга.