Биз жөнүндө

“Vympel” коопсуздук компаниялар тобу

Коопсуздуктун «Вымпел» компаниялар тобу күзөт жана детективдик бир нече бирикмелерден турат. Алар: ЖЧК «Вымпел-Щит», ЖЧК ОДА «Азия Секьюрити», ЖЧК «Коопсуздук Альянсы», «Про-секьюрити Күзөт Агенттиги», ЖЧК «Профи Электроникс» жана «АлНур Сервис» юридикалык компаниясы.

Биз менен иштеп, Сиз күзөттүн жана детективдик кызмат көрсөтүүнүн жеке сакчылардан баштап мамлекеттик масштабдагы ири иш-чараларды кайтарууну уюштурууга чейинки бүткүл спектрин аласыз.

 Коопсуздуктун «Вымпел» компаниялар тобу жеке да, юридикалык да жактарга өз кызматтарын көрсөтөт.

Бизден Сиздер төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдү ала аласыздар:

  • физикалык күзөттүн бардык түрүн
  • жүктү коштоо
  • консалтинг кызмат көрсөтүүлөрү
  • детективдик кызмат көрсөтүүлөр
  • кибер коопсуздук
  • видео көзөмөлдөө
  • кайтаруу сигнализациясын, коопсуздук кнопкасын орнотуу
  • өрткө каршы сигнализацияны орнотуу жана өрттүн чыгуусуна өз маалында аракеттенүү
  • инкассация
  • ыкчам аракеттенүү тобунун кызмат көрсөтүүлөрү.

Биз 2008-жылдан бери эл кызматында иштеп жана «Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө», «Курал» жөнүндө» КР мыйзамдарына ылайык күзөт жана детектив кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык түрүн тартуулап келе жатабыз, андыктан сиздер бизден жогорку квалификациялуу кызмат көрсөтүүлөрүбүздү ала аласыздар.

Эмне себептен бизди тандоо керек:

Лицензияланган иш

Биз «Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө» КР мыйзамына ылайык  лицензияга ээ ишкердикти жүзөгө ашырабыз.

Профессионализм

12 жылдан бери кардарлардын коопсуздугун, өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн  коргоону камсыз кылып келебиз.

Ыкчам жооп берүү тобу

Күзөттүн борбордук пультуна сигнал түшөөрү менен Ыкчам аракеттенүү тобунун өз маалында келип калышы.

Панелдик сигнализация

Пульттук сигнализациянын сутка бою режиминин болушу.

Күнү-түнү иштөө

Күзөт агенттигинин куралданган кызматкерлери менен объектилерди күн сайын сутка бою кайтарууну жана патрулдук күзөттү камсыз кылабыз.

Кызматташтык

Экстремалдуу жана стандарттуу эмес жагдайларда иштөө жөндөмдүүлүгү жана укук коргоо органдары менен кызматташуу.

.

Технологиялык жабдуулар

Маалыматтык жана техникалык коопсуздук тутумунда акыркы иштелип чыккан жаӊычылдыкты пайдалануу жана ишке киргизүү.

Юридикалык колдоо

Консультациялык жана юридикалык кызматтарды көрсөтүү.

Кесиптик жогорку даярдыктын кызматчылары

  • Биздин кызматчылар коопсуздук кызматынын кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу  программалары боюнча атайын даярдыктан өтүшөт.
  • Кызматчылар атайын экипировка жана коргоонун заманбап техникалык бардык каражаттары менен камсыз болушкан.
  • Ишке кабыл алууда соттолгондугуна дыкат текшерилет, психиатриялык жана наркологиялык экспертизадан өтүшөт.

Биздин күзөт агенттигибиздин иши толуктоо, тутумдуулук, натыйжалуулук, жекече мамиле жасоо, жоопкерчиликти адилет жана сабаттуу бөлүштүрүү принциптерине негизделген. Биз аракеттердин толук конфиденциалдуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылабыз.

Охранное агентство Бишкек

amacımız sizin güvenliğiniz