Брондолгон машиналар

Брондолгон машиналар

Бир нече коопсуздук агенттиктерин к камтыган биздин коопсуздук компанияларынын тобу VIP класстагы сооттолгон машиналарды сакчылар менен же сакчылары жок ижарага алууну сунуштайт. Бизде тынымсыз кеӊейип жаткан сооттолгон машиналардын паркы, ошондой эле кесипкөй күзөт кызматкерлеринин жакшы даярдалган командасы бар. Алар вип-персоналарды коштоо үчүн куралданган күзөт катары, куралсыз күзөт катары да сунушталат. Күзөттүн бардык кызматкерлери өзүн-өзү коргоонун жана күзөттүн объектилери менен субъектилерин коргоонун бардык ыкмаларын өздөштүргөн, эмгек тажрыйбасы бар.

Соотолгон машиналарды кандай максаттарда ижаралоо керек:

  • Инкассация кызматтарын ишке ашыруу.
  • Баалуу искусство чыгармаларын, өзгөчө маанилүү иштелмелерди ташуу.
  • VIP-адамдарды эскорттоо (коштоо).

Биздин адистер орун которуунун эӊ коопсуз маршруттарын иштеп чыгышат. Тобокелчиликти азайтуу, баруучу жерге аман-эсен жетүү эӊ маанилүү.

Бул үчүн кыймылдын оптималдуу маршруту иштелип чыгат. Биздин айдоочулар сооттолгон машинаны айдоонун техникасын чеберчилик менен колдонуудан тышкары жогорку аскердик даярдыкка да ээ. Сиз сооттолгон машинаны айдоочусу менен же айдоочусу жок ижаралай аласыз.

Сооттолгон машинаны жөнөкөй машиналардын арасында айырмалоо кыйын, анткени ички элементтери жасалгалоочу материалдын алдына жашырылган. Машина ок өтпөөчү айнектер, тондолгон кузов менен жабдылган, бул коргоонун жогорку даражасын көрсөтүп турат.

Биздин Кардарлар үчүн артыкчылыктар:

  • Бишкек жана Ош шаарларында сооттолгон машиналарды экипажы менен чогуу каалаган мөөнөткө ижарага берүү.
  • КМШ өлкөлөрүнүн аймагында сооттолгон машина менен коштоо жана коргоо.
  • Сооттолгон машинадан сырткары куралчан коштоп жүрүү жана жекече коргоо.

биздин максат - сиздин коопсуздугуңуз