Кибер коопсуздук

Кибер коопсуздук

Акыркы 10 жылдын ичинде сакталган маалыматтын кѳлѳмү 50 эсеге ѳсүп кетти, ал эми глобалдык тарам аркылуу берилип жаткан маалыматтардын саны жыл ѳткѳн сайын ѳсүүдѳ. 1989-жылы Роберт Моррис тарабынан “компьютердик курт” аталышында таанылган  биринчи жолку   вирус иштелип чыккан. Бул вирус ушунчалык тез жана агрессивдүү болгондуктан, интернеттин кѳпчүлүгүн иштен чыгарып койгон. Азыркы биздин учурда деле компьютердик вирустун жайылышы белгилүү бир максатты кѳздѳп турат:

  • маалыматтарды, жеке маалыматтарды уурдоо;
  • түздѳн-түз залал келтирүү, белгилүү бир максат менен маалыматты толук жок кылуу;
  • ѳнѳр-жай объектилерине максат алуу, ѳнѳр-жай жабдыктарын иштен чыгаруу.

Күзѳт агенттиктеринин компаниялар тобунун ишинин алгылыктуу багыттарынын бири Сиздердин маалыматтарыңыздардын, компьютердик тутумдардын, малыматтарды ѳткѳрүү тарамдарынын жана мобилдик түзүлүштѳрдүн коопсуздугун жана корголуусун камсыз кылуу. Жасалма интеллект ыкчам ѳнүгүп бара жаткандыгына, алдыңкы технологияларга, маалыматтарды дайыма алмашып турууга  байланыштуу бизнес бир топ артыкчылыктарга ээ болууда, бирок бул уюмдарды аярлуу кылып коюуда. Биздин күзѳт агенттигибиз сиздин компанияңыздын киберкоопсуздугун камсыз кылат.

Уюмдарда маалыматтардын сыртка чыгышы финансы жагына да да, кѳптѳн бери калыптанып калган беделине да зыян келтирет. Баалуу маалыматка чабуул ички чабуул жана  тышкы чабуул болуп бѳлүнѳт:

  • Биринчи учурда корголгон маалыматтык периметрде чабуул жүргүзүлѳт;
  • Экинчи учурда ички кызматчылардан улам маалыматтын сырткы жыгышы жүрѳт.

Кибер коопсуздуктун коркунучунан натыйжалуу коргоо үчүн жалпы эле тутумду, конкреттүү ишкананын талаптанрына ылайык модификациялоо талап кылынат

Кибер коопсуздуктун негизинде  3 процесс жатат:

-коркунучтардын алдын алуу

-коркунучту табуу

-жооп аракет

 Ѳзүңүздү кибер чабуулдан коопсуздандыруу үчүн жѳнѳкѳй эрежелерди сунуштайбыз:

-Лицензиялуу программалык камсыздандырууну жана вируска каршы программаларды колдонуңуз.

-Коомдук Wi-Fi тарамдарга VPN  аркылуу кошулуңуз.

 -Социалдык тарамдар жана почта үчүн татаал пароль коюңуз.

– Иштѳѳ үчүн коомдук компьютерлерди колдонбогонго аракет кылыңыз.

– Шек жараткан фишингдик каттарды жана шилтемелерди ачпаңыз.

Социалдык тарамдарга эки жолу идентификацияланыңыз.

биздин максат - сиздин коопсуздугуңуз