Объектилерди кайтаруу

Объектилерди кайтаруу

Объектилерди кайтаруу Сизге келүүчү материалдык жана моралдык зыяндын алдын алат. Сиздин уюмуӊуздун мүлкүн же жеке мүлкүӊүздү кайтаруу материалдык зыяндын гана алдын албастан, психологиялык бейпилдик да сунуштайт. Туруктуулук жана эртеӊки күнгө ишеним бизнестин өнүгүшүнүн жана жөнөкөй жарандын бактылуу жашоосунун зарыл факторлору болуп саналат.

Жашоонун коомдук-экономикалык көрсөткүчтөру дайыма төмөн болуп келген биздин өлкөбүздө 2020-жыл ичинде каракчылыктын жана уурдоонун 11525 фактысы катталган. Ушул себептен улам объектилерди кайтаруу коомдогу туруктуулукту жана коопсуздукту сактоодо эӊ маанилүү ролду ээлейт.

Биздин коопсуздук компаниялары тобубузда мыкты физикалык даярдыктагы лицензиялуу күзөтчүлөр иштешет. Ал эми объектилерди кайтаруу куралдуу жана куралсыз болушу мүмкүн. Куралсыз кайтаруу учурунда кызматкер электр союлу, газ баллончосу, колкишен ж.б. менен камсыздалат. Биз укук бузуучуну өткөрүп берүү үчүн укук коргоо органдары менен натыйжалуу карым-катыштабыз

Биздин күзөт агенттигибиз каалаган татаалдыктагы объектилерди коргоону 12 жылдан ашык убакыттан бери ишке ашырып, төмөнкү милдеттерди аткарып келүүдө:

– ниети бузуктардын киришинин алдын алуу,

– кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугун камсыз кылуу.

– чырлуу кырдаалдарга жол бербөө,

– өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо,

– кайтарылуучу объектинин мүлктөрүн сактоо,

– уюмдун жагымдуу имиджин камсыз кылуу.

Кайтаруунун төмөнкү түрлөрү бар:

– кеӊселик жайларды кайтаруу, банктарды кайтаруу,

– кампаны, курулуш объектилерин кайтаруу,

– дүкөндөрдү, соода борборлорун, автосалондорду кайтаруу,

– менчик үйлөрдү, мейманканаларды, медициналык мекемелерди, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү, окуу жайларын кайтаруу,

– кен байлыктарынын рудниктерин кайтаруу,

– ресторандарды, эс алуу жайларын кайтаруу,

– алтын казуучу рудниктерди кайтаруу.

Сиз биздин күзөт агенттигибиздин кызматынан пайдаланууну чечкенден кийин объектинин техникалык мүнөздөмөлөрү дыкаттык менен талдоого алынат, алсыз жерлери, негизги тобокелчиликтер иликтенет. Ушул маалыматтардын негизинде күзөттүн штаты, техникалык каражаттардын курамы түзүлөт, жумушчу процесс жана штаттык эмес кырдаалдар жаралган учурдагы аракеттердин планы макулдашылат.

Иштөөнүн коопсуз шарттары – экономикалык ийгиликтин кепили.

биздин максат - сиздин коопсуздугуңуз