Видеокөзөмөл орнотуу

Видеокөзөмөл орнотуу

Объектилерди кайтаруу менен бирге, биздин коопсуздук компанияларынын тобу төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

– өрттүк жана кайтаруу сигнализациясын долбоорлойт, монтаждайт жана тейлөөсүн ишке ашырат

– видеокөзөмөл камераларын толук даяр кылып орнотот.

Өрттүк сигнализация

Өрттүк сигнализациянын натыйжалуу тутумунун болушу тутануунун очогун табууга, өрт өчүрүүнүн автоматтык тутумдарын иштетүүгө жана нөөмөттүк бөлүккө сигнал берүүгө мүмкүндүк берет.

Кайтаруу сигнализациясы

Уурулукту, бузуп кирүүнү болтурбоо үчүн кайтаруу сигнализациясын орнотуу зарыл. Учурунда иштеген сигнализациядан улам адамдар кутулуп кеткени жөнүндө көптөгөн фактылар бар. Жанындагы аймакты жана имараттын ичин көрүп туруу мүмкүнчүлүгү – шаардын сыртындагы үйлөрдү, батирлерди, кеӊселерди жана банктарды кайтаруу үчүн мыкты чечим. Борбордук пульттан жана билдиргичтерден турган тутум чоочун адамдын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлайт. Коргоочу комплекс мониторинг борборуна сигнал жөнөтөт, маалымат автоматтык түрдө Тез аракеттенүү тобуна (ТАТка) берилет, ТАТ тезинен окуянын ордуна келет.

Видеокөзөмөл камераларын толук даяр түрдө орнотуу Сизге эмне берет:

Камеранын жардамы менен кеӊсенин ичиндеги кырдаалды, кызматкерлердин иштөөсүн көзөмөлдөөгө болот. Сизге ыӊгайлуу каалаган учурда жакын жайгашкан аймакты карап чыгууга болот. Сиздин наристеӊиз бала бакчада же бала багуучу менен үйдө эмне кылып жатканын көргүӊүз келди беле? Сиз зарыл учурда көзөмөл камераларынан жазууларды дайыма ала аласыз.

Объектинин өзгөчөлүгүнө, кардардын каалоосуна жана каржылык мүмкүнчүлүгүнө  жараша биздин адистер каалаган объектинин техникалык чыӊдалышынын жана коргоонун эӊ оптималдуу схемасын кыска убакытта иштеп чыгышат жана Сиз менен макулдашат. Видеокөзөмөл орнотуу үчүн ыӊгайлуу орун тандашат жана тиешелүү сапаттуу жабдуу орнотушат. Ошондой эле кызматкерлер Сиздин убактыӊызды жана каражаттарыӊызды үнөмдөп, техникалык тейлөө жана монтаж жүргүзүшөт, кызматкерлерди окутушат. Өз коопсуздугуӊузду бизге тапшырыӊыз да, коркуу жөнүндө унутуӊуз!

биздин максат - сиздин коопсуздугуңуз