Жашыруун тыӊшоо түзүмдөрүн аныктоо

Жашыруун тыӊшоо түзүмдөрүн аныктоо (жайларды тыӊчылык каражаттардан тазалоо)

Жашыруун тыӊшоо жана байкоо салуу, технологиялардын  өнүгүшү менен эчак жетүүгө кыйын нерсе болбой калган. Купуя сыр маалыматты алуу азыр мамлекеттик коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү үчүн гана эмес, компроматты колдонууну же атаандашын жолдон алууну каалагандар үчүн дагы жеткиликтүү болуп калды.

Эгер сизде маалымат жашыруун берилип жатканына шектенүүлөр пайда болсо, биз Сизге тыӊшоочу түзүмдү табууга жардам беребиз.

Купуя сыр маалыматты алууга мүмкүндүк берген негизги техникалык элементтер – булар чакан жашыруун камералар жана чакан аудио тыӊдоочу каражаттар. Компьютерден маалымат алуу үчүн атайын вирустук программалар орнотулушу мүмкүн. Кылмыштуу аракетти ойлоп жаткандар телефондук сүйлөшүүлөрдү тыӊшап, жолугушуулардан видеолорду тартып, жеке компьютерден баалуу маалыматты жүктөп алышы ыктымал.

Радиомикрофондорду жеткиликтүүлүк, чакан көлөмдүүлүк жана колдонууда жөнөкөйлүк үчүн баарынан көп пайдаланышат. Эгер сиз техниканын иштешинде кайталануучу тоскоолдуктарды, чоочун добуштарды, телефон менен сүйлөшүүдө үн бийиктиги өзгөргөнүн байкасаӊыз, бул тыӊшоочу түзүмдөр бар экенин кабарлышы мүмкүн.

Тыӊшоочу каражаттарды аныктоо – имаратты атайын каражаттар менен тинтип чыгууну гана эмес, маалыматты жашыруун ташуу боюнча мүмкүн болгон бардык каналдарды анализдөөнү дагы камтыган комплекстүү иш. Сөзсүз түрдө персонал менен иш жүргүзүлүп, радио сканирлөөчү түзүмдөрдү колдонуу менен компьютерлер, уюлдук телефондор текшерилет. 

Вымпел күзөт агенттигиин коопсуздук компаниялар тобунун командасы тез арада жана купуялуулукту сактоо менен тыӊшоочу түзүмдөрдү каалаган типтеги жайларда, байланыш жана транспорттук каражаттарда аныктоо боюнча жумуш алып барат.

биздин максат - сиздин коопсуздугуңуз