Жеке күзөт

Жеке күзөт

Жансакчынын кызматы жөн эле ашыкча нерсе эмес, көп учурда ал зарыл нерсе. Жеке күзөт бийлик өкүлдөрүн жана бизнесмендерди гана коштоп жүргөн мезгил артта калды. Ишмердиктин ар кыл сфераларындагы жана киреше деӊгээли ар кандай адистердин арасында жеке күзөткө муктаждык бар.

Жеке жансакчыны тандоого бүткүл жоопкерчилик менен киришүү зарыл. Биздин кызматкерлер жогорку адистештирилген аскердик даярдыктан өтүшкөн. Алар физикалык жана моралдык туруктуулукка гана эмес, стратегиялык ой жүгүртүүгө да ээ. Кызматкерлер кырдаалды кыска убакытта талдаганга, чечимдерди тез кабыл алганга жана өзгөрүп жаткан шарттарга бат ылайыкташууга жөндөмдүү. Алар физикалык машыгуулардан, психологиялык тренингдерден тынымсыз өтүп турушат. Зарыл учурда алгачкы медициналык жардам жана психологиялык жардам көрсөтө алышат. Эгер кардар менен бир нече кызматкер иштеп жатса, анда алардын ар бири белгилүү бир функцияны аткарышат.

Даярдык:

Кардар жөнүндө орун которуу машрутунан баштап ден соолугунун көрсөткүчтөрү боюнча, маалыматтарды чогултуу. Бардык маалыматтар дыкат талданат, бардык мүмкүн болгон тобокелчиликтер эсепке алынат. Орун которуунун оптималдуу маршруту коркунуч жаралган учурдагы чегинүүнүн варианттары менен бирге түзүлөт.

Уюштуруу: Эӊ азы 2 кишиден турган топ эртерээк чыгып, маршрутту текшерет жана бара турган акыркы чекитти карап чыгат.

Биздин коопсуздук компаниялары тобу ачык жана көмүскө күзөттүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуш кылат:

– куралчан жеке күзөт (зарыл учурда сооттолгон автоунаа менен).

– жеке күзөт (атайын каражаттар менен куралданган).

– балдарды жана өспүрүмдөрдү коргоп-коштоо.

– Vip адамдарды коштоо, инвесторлорду коргоо.

– Делегацияларды коргоо жана коштоо.

– Чоӊ масштабдагы иш-чараларда жеке күзөт кызматын бир нече саатка буйрутмалоо.

Сиздин коопсуздугуӊузга биз кызыкдарбыз, дайыма жаныӊызда болобуз!

биздин максат - сиздин коопсуздугуңуз