“Вымпел-Щит” Күзѳт агенттиги ЫАТтын (ыкчам аракет тобу) кызматкери Ильяс уулу Кыял WEF версиясы боюнча Эрежесиз күрѳш боюнча эл аралык турнирде биринчи орунду ээледи

Күрѳш процессинде  Ильяс уулу Кыял дене бойлук жактан мыкты даярдыгын, жоокердик мүнѳзүн жана туруктуулугун кѳрсѳтѳ алды. Бул масштабдагы мелдештерде ишенимдүү жеңишке жетиш үчүн мушкер кандай сапаттарга ээ болушу керек:

  • Бийик концентрациялуулукка, демилгечил болууга — ѳзүнүн бардык тактикасы боюнча күрѳштү алып барганга, бул болсо күрѳштүн жүрүшүн жана анын акыркы жыйынтыгын контролдогонго мүмкүндүк берет.
  • Күрѳштүн жүрүшүндѳ чечкиндүү аракеттерин жана эрктүүлүгүн кѳрсѳтүп, ѳзүнүн күчүнѳ ишенип турганга жана чечкиндүү болгонго тийиш, мушкер оппонентинен моралдык жактан ашып турушу керек. Бул сапат ѳз алдынча туруктуу жана тынымсыз иштѳѳнүн натыйжасында иштелип чыгат.

Күзѳт агенттиги ар бир кызматкери үчүн окуу борборунда натыйжалуу машыгууга бардык шарттарды түзгѳн. Мушкер бардык ѳзгѳчѳ жана экстремалдык кырдаалдарда ѳзүнѳ ишенип, чечкиндүү  аракеттениш үчүн күн сайын машыгуунун натыйжасында кызматкер ыкчамдыгын жана чабуулга чыгуучу жана контрчабуулга чыгуучу аракеттеринин тактыгын калыптандырат. Андан тышкары биздин кызматкерлер иштин медициналык, укуктук, психологиялык аспектилерин жакшы түшүнүшѳт, бул болсо аларга күтүлбѳгѳн жагдайларда керектүү биринчи жардамды кѳрсѳтүүгѳ жана консультация берүүгѳ мүмкүндүк берет.

Бишкекте объектилерди кайтаруу, массалык иш чараларды коштоо негизинен техникалык, финансылык, адам ресурстары менен гана чектелген, жана ошол себептен улам негизги жана кошумча колдоо катары ЫАТ мобилдик тобун тартуу зарыл болот. ЫАТ кызматкерлеринин функционалы ѳтѳ кенен, алар ѳзгѳчѳ кырдаалдарда экстрендик аракеттенүүдѳн баштап, ыкчам маалыматтарды топтоо, тутумдаштыруу, талдоого алуу сыяктуу иштерди аткаруу менен, жогорку тобокелдиктеги тапшырмаларды аткарган чейин барышат. ЫАТ кызматкерлери күнү-түнү иштешет жана дайыма толук даярдыкта турушат. Кызматкерлер мониторингдин пультуна түшкѳн биринчи сигнал боюнча дароо чакырылган жерге жетип келет жана санкцияланбаган укук бузууларды жана бейукук аракеттерди табуу боюнча керектүү иш чараларды ѳткѳрүп турушат.