Жакында биздин компания Ош шаарында масштабдуу жарнак кампаниясын өткөрдү

Компаниябыздын иши менен тааныштыруу максатында биздин компания жакында Ош шаарында жарнамалык ири акция өткөрдү. Ынтымак ыроолонгон жамаатыбыз түштүктөгү борборго толук курамыбыз менен барып, катыштык. Өзүӊүздөр билгендей, Ош шаарында биздин филиалыбыз бар, ал узак убакыттан бери күзөт кызматынын бардык түрүн көрсөтүп келет. Натыйжалуу жана сабаттуу ишибизден, мыкты тейлөөбүздөн жана көрсөтүлүүчү кызматтарыбыздын ишенимдүүлүгүнөн улам Ош шаарындагы биздин күзөт агенттигибиз ири компаниялардын жана жеке түзүмдөрдүн атынан ишенимдүү өнөктөштөргө ээ болду.  Жарнамалык компаниянын максаты  биз көрсөткөн күзөт агенттигинин кызматтары менен тааныштыруу гана эмес, ишкана ээлери агенттиктин ишмердиги менен канчалык деӊгээлде тааныш экендигин, коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кандай кыйынчылыктарга дуушар болорлугун билүү болду. Эгер ири жеке уюмдар, негизинен, күзөт агенттигинин кызмат көрсөтүүсүнөн колдонгон болсо, чакан бизнестин өкүлдөрү өрткө каршы коопсуздук тутуму, кайтаруу сигнализациясы менен толук камсыздалган эмес. Аларды эмне токтотот: маалыматтын жетишсиздигиби, “кымбат жана жеткиликсиз” деген стереотиптерби?

Биз өз кызмат көрсөтүүлөрүбүзгө презентация жасап,  бизнес өкүлдөрү алды менен өз иштерин коргоп алса, ала турган пайдалары жөнүндө айтып бердик. Тилекке каршы, социалдык-экономикалык шарттардын начарлашы  майда уурулардын өсүшүнө жана кулпуларды талкалап кеткенге алып келип жүрөт.  Демек, өз бизнести заманбап коргоочу каражаттар менен коопсуздандыруу мезгили келип жетти. Ошондой эле биз ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуштук, консалтинг кызмат көрсөтүүлөрүбүзгө презентация жасадык, кибер коопсуздук чаралары жөнүндө айтып бердик. Технологиянын өсүшү менен, пайдалануучулардын маалыматтарынын баалуулугу да өсүп жатат, аны менен бирге компаниялардын  виртуалдуу малыматтарын бузуунун жана уурдоонун саны да өсүп бара жатканын тана албайбыз.

Жергиликтүү калктын меймандостугун да өзгөчө белгилеп кеткибиз келет. Ар бир ишкер  өзүн толук коопсуздукта сезишин, ар бир уюм өз кызматкерлеринин коопсуздугуна жана мүлкүнүн түгөл сакталып  турушуна бейкапар болушун каалайбыз.

Келгиле анда, ушул коопсуздукту биргелешип уюштуралы!

 

 



1 dona sharh

Fikr bildirish