Суроолор

Көп берилүүчү сурооло

“Вымпел” ККТсы 2008-жылы уюштурулган. Ушул мезгилден тарта биз өзүбүздүн кесиптик ишмердигибизди ийгиликтүү өнүктүрүп жана күзөтүү кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы өз позициябызды бекемдөөнү улантуудабыз.

“Вымпел” ККТсы 2008-жылдагы КР ИИМдин № 0000249 лицензиясынын негизинде күзөтүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого карата лицензияга ээ:

1. Брондолгон автоунаалар

2. Киберкоопсуздук

3. Куралчан жеке күзөтүү

4. Иш-чараларды күзөтүү

5. Объекттерди күзөтүү

6. Пульттагы күзөт

7. Жүктөрдү коштоп жүрүү жана күзөтүү

8. Детективдин кызмат көрсөтүүлөрү

9. Видеобайкоо жүргүзүү.

“Вымпел” ККТсында объекттерди күзөтүү учурундагы иш-аракеттердин, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттердин стратегиясы жана тактикасы иштелипч ыгарылган. Бүткүл иш алып баруубуздун ичинде биз дайыма ар бир кардар үчүн жаңы жекече чечимдерди ишке киргизип келе жатабыз, бул бизге атаандаштарыбыздан ар дайым бир кадам алдыда турууга мүмкүндүк берет.

Бизге деталдаштырылган эсептеп чыгуулар үчүн чалуу керек. Биздин маалыматтарыбызды сиз “Контакттар” бөлүгүнөн таба аласыз.

Кардарларды биз негизги жана негизги эмес деп бөлбөйбүз, биз ар бир кардардын мамилесин алардын финансылык абалынан көз карандысыздыкта ардактайбыз. Биздин кардарлардын пикирлери менен кененирээк «ПИКИРЛЕР» бөлүгүнөн таанышууга мүмкүн болот.

Объектти изилдөө туура корутунду чыгаруу үчүн милдеттүү болуп саналат, ага төмөнкү документтер топтомдору кирет:

— изилдеп чыгуу акты;

— абалы начар тараптарды аныктоо;

— коопсуздук коркунучтарын четтетүү боюнча сунуштар;

— объектти изилдөө конкреттүү объекттеги күзөтүү кызмат көрсөтүүлөрнүн баасын оптималдуу баалоону камсыздоо мүмкүндүгүн берет.

— имараттарды тыңшоочу түзүлүштөрдөн тазалоо.

“Вымпел” ККТсында зарыл болгон учурла эң кыска мөөнөттөрдө күзөтүү компаниясынын алдында турган объекттердин каалагандайын күчтөндүрүүгө жөндөмдүү болгон күзөт кызматкерлеринин туруктуу иш алып баруучу резерви түзүлгөн. Бул “Вымпел” ККТсынын бардык кардарларынын коопсуздугунун кошумча даражасын камсыздай алат.

“Вымпел” ГКБсы ар түрдүү багыттардагы объекттерде коопсуздуктун техникалык тутумдары жана маалыматтык технологиялар тармагында комплекстүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого адистештирилген. Компаниянын кызматкерлери ар бир конкреттүү учурга эң ылайыктуу жабдууну тез жана сабаттуу тандоого, ошондой эле бардык зарыл болуучу иштерди «аягына чейин» аткарууга көмөк көрсөтүшөт. “Вымпел” ГКБсы компаниясы ошондой эле объекттерди андан ары тейлөөнү жүзөгө ашырат. Сиз бизге жабдууну тагыраак эсептеп чыгуу үчүн чалсаңыз болот. Биздин маалыматтарыбызды сиз “Контакттар” бөлүгүнөн таба аласыз.

Биздин күзөт кызматкерлерибиздин кынтыксыз формасы, дене күчүнүн даярдыгы, ишенимдүү тышкы түрү, атайын шырылмалар жана шеврондор, ажайып техникалык жабдууларбиздин кардарларыбызды күзөтүүнүн ишенимдүүлүгүн камсыздашат.

Күзөтүү кызматтарын көрсөтүүгө карата түзүлүүчү келишимдин шарттарына ылайык, “Вымпел” ККТсы эгерде материалдык баалуулуктарды талкалоо же талап-тоноо компаниянын кызматкерлеринин күнөөсү боюнча же алардын тийиштүү эмес иш-аракеттеринин кесепетине болгону чурда материалдык жоопкерчиликти тартат.

Play Video

КЕСИПКӨЙЛӨРГӨ ИШЕНИМ АРТЫҢЫЗ

Биз – анын курамына бир нече күзөтүү агенттиктери: «Вымпел – Щит» ЖЧКсы, ОДА «Азия Секьюрити» ЖЧКсы, «Коопсуздук Альянсы» ЖЧКсы, «Про-секьюрити Күзөтүү агенттиги» ЖЧКсы, «Профи Электроникс» ЖЧКсы жана «АлНур Сервис» юридикалык компаниясы кирген компаниялар тобубуз. Рынокто 2008-жылдан бери иш алып баруу менен, күзөтүүнүн жана детективдик кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүн «Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө», «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик акттарга ылайык сунуштайбыз.

наша цель-ваша безопасность