Пульттук кайтаруу, дүрбөлөӊ баскычын орнотуу

Тез аракеттенүү кызматы, пульттук кайтаруу, дүрбөлөӊ баскычын орнотуу

Ар түрдүү татаалдыктагы объектилерди кайтаруу үчүн коргоонун заманбап каражаттарын колдонуу зарылдыгы жыл өткөн сайын айкыныраак көрүнүп келет. Эл арасында дүрбөлөӊ баскычы, пульттук сигнализация, дүрбөлөӊ сигнализациясы деп айтылат. Бул түшүнүктөрдүн баарын бир түшүнүккө – пульттук кайтарууга бириктирүүгө болот.

Пульттук кайтаруу ири компанияларда гана колдонулбайт, ал товар жүгүртүүсү өтө чоӊ эмес соода түйүндөрүндө да популярдуу. Коомдук-экономикалык шарттар начарлагандан кийин масштабдуу кол салуулар гана эмес, майда уурулуктун да саны өсүүдө. Кичи жана ири бизнестин өкүлдөрү коопсуздукка салынган инвестиция – бардык салымдардын ичинен эӊ мыктысы экенин түшүнүшөт. Бул ден соолукка салым, Сиз бейпил уктайсыз, эртеӊ менен бейкапар ойгоносуз, анткени сиздин дүкөнүӊүз өз ордунда аман-эсен турганын билесиз. Кеӊсеӊизден бейкапар чыгасыз, анткени баалуу документтер жоголбой турганына ишенесиз. Өз кызматкериӊизди түнкү нөөмөткө калтырып жатып, ал биздин коопсуздук агенттиктерибиздин тармагынын ишенимдүү коргоосу алдында экенин билесиз.

Объектилерди кайтаруу үчүн, жогоруда айтылгандай, пульттук кайтаруу колдонулат. Бул – дүрбөлөӊ сигналын ар кандай каналдар (GSM, телефондук линия, радиобайланыш каналдары) аркылуу нөөмөттүк бөлүктүн пультуна берүүчү программалык, техникалык каражаттардын өзүнчө бир тутуму. Кайтарылуучу объектиге кол салуу болгондо дүрбөлөӊ баскычы сигналды борбордук нөөмөттүк бөлүккө берет, ал жерден көз ирмемде Тез аракеттенүү тобуна (ТАТ) маалымат берилет. ТАТтын куралданган жана экипирленген кызматкерлери чакырыкка 3-5 мүнөттүн ичинде жетишет.

Бул кандайча жүрөт?

Кандай жабдуу орнотулары имараттын өзгөчөлүгүнө жараша аныкталат. Имараттын аянты, түрү жана атүгүл ремонттун өзгөчөлүктөрү сыяктуу сапаттар маанилүү. Сизге эшиктин ачылышын билдиргич, айнектин сынышын, кыймылды, ички же сырткы терезенин сынышын билдиргич сунушталышы мүмкүн. Сиз болгону тандашыӊыз керек. Пульттук кайтарууну орнотуӊуз да, тынч уктаӊыз!

биздин максат - сиздин коопсуздугуңуз