Иш-чараларды коргоо

Иш-чараларды коргоо

Ар кандай деӊгээлдеги жана масштабдагы иш-чараларды өткөрүүдө биздин уюм коопсуздуктун бардык деӊгээлдерин камсыз кылат. Иш-чарадагы коргоо – бул жөн гана кадыр-барк эмес, бүгүнкү күндүн зарылчылыгы. Биздин коопсуздук агенттиктеринин тобубуз жекече бизнес жолугушуулардын да коопсуздугун, мамлекеттик масштабдагы иш-чаранын да коопсуздугун камсыз кылат.

Каалаган иш-чаранын – тойдун, концерттин, семинардын, конференциянын, форумдун, майрамдардын коопсуздугу – биздин кесиптик өзгөчөлүгүбүз. Ар бир иш-чаранын ийгилигинин өбөлгөсү болуп анын уюштуруучуларынын, катышуучуларынын жана меймандарынын коопсуздугун толук камсыз кылуу саналат.

«Вымпел щит» күзөт агенттиги маданий жана спорттук иш-чараларды, корпоративдерди, ишкер жолугушууларды, концерттерди, коомдук иш-чараларды уюштурууда коргоону жана коопсуздукту камсыз кылат. Штаттан тышкаркы кырдаалдарга дайым даяр болуу керек. Алардын жаралышы иш-чаранын форматына байланыштуу болот, биздин милдетибиз – бул мүмкүндүктү жокко чыгаруу.

Бишкекте массалык иш-чараларды коргоо меймандардын саны коопсуздук кызматынын санынан көп эсе ашык болгонуна байланыштуу чоӊ кыйынчылыктар менен коштолот. Мындай окуяларга милиция жана башка кызматтар тартылышат. Бирок бул да жетишсиз, ошондуктан коопсуздук агенттиктеринин кызматкерлерин сөзсүз түрдө чакырышат.

– Жабык типтеги иш-чараларда биздин коопсуздук  агенттигибиз мүлктүн амандыгын жана меймандардын автоунааларын кайтарууну камсыз кылат.

– Кызматкерлер объектини толук карап чыгышат жана кайтарылуучу аймакка өткөрмөлүү режимди камсыз кылат.

– Объектиге иш-чара башталаарда жана аяктагандан кийин текшерүү жүргүзүшөт.

– Меймандарда тыюу салынган буюмдардын, жарылгыч заттардын, баӊгизаттардын жоктугун текшеришет.

– Кайтарылуучу аймакка алкоголдук же баӊгизаттык мастык абалындагы адамдарды өткөрүшпөйт.

– Жакын жайгашкан аймакта тартипти камсыз кылышат.

– Провокациялык окуяларды тез алдын алышат жана чырлуу кырдаалга жол беришпейт.

– Ишкерлик мүнөздөгү иш-чараларды уюштурууда маалыматтык коопсуздукту камсыз кылышат.

– Меймандардын жеке сакчылары (эгер бар болсо) менен иш-чараны коргоонун кызматкерлеринин ортосундагы карым-катышты натыйжалуу уюштурушат.

Биздин коопсуздук агенттигибиз өзү негизделген күндөн бери укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкта иштейт, бул иштин натыйжалуулугун көп эсе жогорулатат.

Жекече буюртма учурунда жеке сакчылар милдеттүү тартипте каралган.

Биз сунуштарга дайыма ачыкпыз жана сиздердин суроолоруӊуздарга жооп берүүгө даярбыз. Бизге дал азыр чалыӊыз!

биздин максат - сиздин коопсуздугуңуз